САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 7
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө отчетун талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө отчету канааттандырылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |