САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 11
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл айылынын 2024-жылдын 10-январындагы № 1-сандуу жалпы элдик жыйынын чечиминин негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелери боюнча жетектөөчө адиси Термечиков Байыш Рысбаевичке, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Сабирова Самара Калыбековнага жана 15 жаш айылынын 2024-жылдын 12-январындагы № 2-сандуу элдик жыйынынын чечимине ылайык Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Кулмурзаев Сеитбек Калмурзаевичке Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелери боюнча жетектөөчү адиси Термечиков Байыш Рысбаевичке жана Салам-Алик айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Сабирова Самара Калыбековнага жана 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Кулмурзаев Сеитбек Калмурзаевичке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |