САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 13
Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (коректировка) киргизүү боюнча материалдары жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумулштарына өзгөртүү (коректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |