Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги

29-сессиясы

 

2024-жылдын 17-февралы № 14

 

Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылы менен Ара-Көл айылынын ортосундагы Сөөктүү-Булак участкасындагы жолду калыбына келтирүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айылдыка кеңешинин төрайымы Б.Калмурзаеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылы менен Ара-Көл айылынын ортосундагы Сөөктүү-Булак участксындагы суу ташкыны жеп кеткен жолду ремонттоп, калыбына келтирүү үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каражатынын суммасынан бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева