Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги

29-сессиясы

 

2024-жылдын 17-февралы № 15

 

Салам-Алик айыл аймагын аралап өткөн Мырза-Аке-Кара-Шоро мамлекеттик автожолуна асфальт бастыруу жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан 2024-жылга пландалган Мырза-Аке-Кара-Шоро мамлекеттик автожолунун Салам-Алик айыл аймагын аралап өтүүчү 3 чакырым жолго асфальт басуу иштери 15 жаш айылынын Шыргыма участкасынан башталып, Кызыл-Байрак жана Кош-Этер айылдарынын ичиндеги талкаланып калган калктуу конуштардын ичинен баштап асфальт бастыруу боюнча иштерин жүргүзүү жагы тиешелүү жол тейлөө мекемесинен суралсын.

2. Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева