Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы 

 

2025-жылдын 3-февралы  № 3/10

 

Жазы айылдык кеңешине бир штаттык бирдик иш-кагаздарын жүргүзүүчү, бир штаттык бирдик айдоочу алуу жөнүндө

 

Жазы айылдык кеңешинин төрагасы  К.Камчибековдун  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 7-февраль 2024-жылдагы  №52 токтомунун 5 тиркемесине ылайык  айылдык кеңешке  бир иш кагаздарын жүргүзүүчү, бир айдоочу алуу жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап жазы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Жазы айылдык кеңешине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 7-февраль 2024-жылдагы №52 токтомунун 5 тиркемесине ылайык бир штаттык бирдик иш кагаздарын жүргүзүүчү, бир штаттык бирдик айдоочу киргизилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет,экономика,муниципалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К. Камчибеков