Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 3

Кашка-Суу айыл өкмөтүндө келишим менен эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловтун келишим менен эмгектенген  кызматкерлердин  эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү  сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндө келишим менен эмгектенген кызматкерлердин (1 тазалоочу, 2 от жагар, 1 тракторист, 1 иш кагаздарын жүргүзүүчү) эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 15 000 (он беш миң)  сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов