КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 4
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Бакировдун 2024-жылга карата Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджеттинин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесминин 2024- жылга карата киреше бөлүгү 1 812 305 сом.
-Бодо малдын жалпы саны 2563 баш, ар бир башка 75 сом, жалпы 192 225 сом.
-Бодо мал топоздор 1043 баш, ар бир башка 105 сомдон жалпы 109 515 сом
-Кой,эчки жалпы 18500 баш,ар бир башка 15 сом, жалпы 277 500 сом.
- Жылкы 1452 баш, ар бир башка 105 сом, жалпы 152 460 сом.
-Төө 1баш, ар бир башка 105 сомдон, жалпы 105сом.
-Башка райондордон келген койлор 10 000 баш,ар бир башка 100 сом жалпы суммасы
1000 000 сом.
-Альфа телеком компания 3500 сом, 12 айга 42 000 сом
-Жайыт жерлерди башка максатта пайдалануу, чөп чабынды үчүн 30 га 450 сомдон 13 500 сом
- Туризм жана мергенчилер үчүн 5га 5000 сомдон 25 000 сом
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата чыгаша бөлүгү 1 812 305 сом
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |