Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 5

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак” маданият үйүнүн башчысына 30% эмгек акы төлөө, 2 (эки) кызматкерине эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы “Кара-Кабак” маданият үйү бузулуп, учурда убактылуу иштебей тургандыгына байланыштуу маданият үйүнүн башчысына 30% эмгек акы төлөп берүү жана   көркөм жетекчи  менен кароолчуга  эмгек акы төлөөнү  убактылуу токтотуу  жөнүндө        

                                Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кабак айылындагы  “Кара-Кабак” маданият үйү бузулуп, учурда убактылуу иштебей тургандыгына байланыштуу маданият үйүнүн башчысына    2024-жылдын январь айынан баштап эмгек акысынын 30 % төлөнсүн.

2.Көркөм жетекчи  менен кароолчуга  эмгек акы төлөө 2024-жылдын январь айынан баштап убактылуу токтотулсун.

3.Көркөм жетекчи менен кароолдун иш орду сакталсын.

4.Маданият үйүнүн курулуш иштери бүткөрүлгөндөн кийин эмгек акы төлөө улантылсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов