Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 6

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы  эмес жер аянттарын коэфициенттерин  өлчөмүн бекитүү жөнүндө  айыл  өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.А.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап   Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339-статьясынын 1-пунктунда белгиленген  жердин ставкасы   таблицанын негизинде жашаган   санына  карата  1,6  сом- м2 өлчөмүндө бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339-статьясынын 4- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэфициент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339-статьясынын 6- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициенттин өлчөмү  төмөндөгү  таблицанын негизинде бекитилсин .

АЯНТ М2

10м2 чейин

10-20м2

20-35м2

35-50м2

50 андан жогору м2

ККнын негизи сом менен

22,5

16,5

10,5

7,5

6

жана АЗСтер үчүн  10 сом м2, техникаларды оңдоочу  жайлар үчүн  м2- 0,2 жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениялери  үчүн  м2 0,3 сомго бекитилсин.

4.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339- статьясынын 5- пункутуна ылайык аймакта  калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн  бөлүгүн же үйлөрүн  пайдаланган учурда айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына салык эсептөөдө  КК-коммерциялык коэфициент  1,0   өлчөмүндө бекитилсин.

5.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов