КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 7
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 337-статьясынын негизинде юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкасын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.А. Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарынын аймактын татаал климаттык шартына байланыштуу жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин.
-Кашка-Суу айылы -83 сом
-Ачык-Суу айылы -85 сом
-Кабык айылы -65 сом
-Кара-Кабак айылы -87 сом
-Жайылма айылы -83 сом
-Бурган-Суу айылы -83 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |