КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 8
Салык өлчөмдөрүн өзгөртүп, кайра кароо жөнүндө
Аймактагы калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйындарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.А.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактагы калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйымдарынын өлчөмү 80 (сексен) сомго бекитилсин.
2. Юридикалык жактарга (ЖЧК,ААК, туристтик фирмалар, жеке ишкерлер) таштанды жыйымдарынын өлчөмү ар бир адамга 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Таштанды салыгын 2024-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төлөөлөрү керек экендиги эскертилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |