КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 10
Казыналык эсепте иштетилбей калган акча каражатын кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүн башчысы К.Жалиловдун 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнөн 3615, 5 сом, атайын каражаттан 186, 4 сом казналык эсепте иштетилбей калгандыгы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеёешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджетинен казналык эсепте иштетилбей калган 3 615,5 сом, атайын каражаттан 186,4 сом акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
Мектеп бөлүмүнө:
Кара-Кабак” орто мектебине футбол аянтчасын курууга
түрткү берүүчү грантка өздүк салым үчүн - 2987,7 сом 3112 статьясына
ЖКУ бөлүмүнө:
Долбоорлордун наркын (сметасын) даярдоого - 627, 8 сом 2215 статьясына
Аппарат атайын каражытына:
- Айыл өкмөтүнүн канцелярдык чыгымдары үчүн - 62,4 сом 2222 статьясына
Бала бакчанын атайын каражатына:
- Бала бакчалардын тамак ашы үчүн - 124, 0 сом 2218 статьясына
2.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Баатыркулов |