КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 12
“Калдар-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл аймагынын “Таш-Булак” участкасында жайгашкан 894,35 га жер аянтына Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренесине жана КР нын жер казынасы жөнүндө мыйзамынын 40-беренесинин 4 пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген 6436 СР лицензиянын ажырагыс бөлүгү болгон №4 лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин (9-ноябрь 2025-жыл) “Калдар-Ата” ЖЧК сына “Таш-Булак” участкасынан көмүргө геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |