Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы  № 18

Ижарага берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын аныктоо жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтү  Г.Мадалиевдин   Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдө 1 га жер аянтынын баштапкы баасы 200 ( эки жүз) сом деп белгиленсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына  тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов