КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 5-февралы № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, жашоочуларын экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында “Кашка-Суу органикалык аймагы” болуп түзүлсүн.
2.Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, энтомофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3. Токтомду аткаруу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге жана айыл чарбасы боюнча башкы адис Ө.Шаншоевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |