КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 5-февралы № 3
Кашка-Суу ЖПБ нын жайыттарды башка максатта пайдалануу боюнча Кашка-Суу ЖПБ менен ООО “НУР Телеком” ишканасы гибридный контейнер орнотууга келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылына узуну 3 метр, туурасы 2 метр жалпы 6 м 2 жерге гибридный контейнер орнотууга жана ООО “НУР Телеком” ишканасы менен Кашка-Суу ЖПБ келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.ООО “НУР Телеком” ишканасы менен Кашка-Суу ЖПБ тарабынан келишим түзүлүп, жайытты башка максатта пайдалануу жөнүндөгү типтүү келишимдин жобосуна ылайык ар ай сайын 5000 (беш миң) сомдон жайыт акы алуу бекитилсин.
3.Тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жана айылдык кеңешке бул жөнүндө маалымдап туруу жагы Кашка-Суу ЖПБ нын төрагасы Р.Бакировко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |