Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты   № 3

Мечитке ат ыйгаруу жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу  айылынын элинин макулдугун карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы Дастан көчөсүндөгү жаңыдан курулган мечитке Ачык-Суу айылынын элинин макулдугунун негизинде “Молдо Кыдырша” деген  ат ыйгарылсын.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы  Суннатилла уулу Сайдалимбекке тапшырылсын.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов