Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты   № 4

Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу “Кызыл-Үңкүр” каналын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык айылындагы 1970-жылы  курулган “Кызыл-Үңкүр”  каналын Мамлекеттик мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагындагы 1970-жылы курулган  узундугу 5.6 км  аралыкта жайгашкан  “Кызыл-Үңкүр”  каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов