Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты   № 6

Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айылынын тургуну Мааткалыков Бердалинин сарай салууга жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагынын “Түлкү-Дөң” участкасынын  №523 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 0,10 га жер аянтын сарай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформацтялоого) макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов