КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-марты № 7
Кашка-Суу айылында жайгашкан Сапарбай Жумабаевдин “Жумабай” атындагы жеке ооруканасынын имаратынын багытын турак-жайга өзгөртүү жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургуну Сапарбай уулу Бекболоттун жазган арызын карап чыгып Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айылында жайгашкан “Жумабай” атындагы жеке оорукананын имаратынын багытын оорукананын дарыгери Сапарбай Жумабаевдин көзү өтүп кеткендигине байланыштуу оорукананын иштебей калгандыгын эске алуу менен турак-жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |