КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 8-апрели № 5
Чабандын акысын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл аймагынын айылдарында (Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кабык, Жайылма, Кара-Кабак, Бурган-Суу) кой-эчкинин ар бир башына чабанга берилген акы 100 (жүз) сом деп бекитилсин.
2. Ар бир чабан баккан малдын башын 800 (сегиз жүз) баштан ашырбасын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Баатыркулов |