Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели  № 2

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Кашка-Суу айылдык аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын сырткы чек арасын тактап-түзөтүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу  боюнча мамлекеттик ишканасынын      Ош филиалы   тарабынан түзүлгөн Кашка-Суу айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык  картасын карап чыгып жана талкуулап  Кашка-Суу айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы А.Баатыркуловко жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге схемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Баатыркулов