Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы  № 3

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз   алтынчы   сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын турак-жай куруу үчүн  участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы памирлик-этникалык кыргыздар үчүн калктуу конуш катары бөлүнүп берилген 165 участканын ичинен 20 участканы Бурган-Суу айылынын турак-жай куруу үчүн  участкага муктаж жарандарына бөлүп берүүгө макулдук берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким М.Т.Шамыркановтон суралсын.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа  боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Баатыркулов