Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык  аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы  № 4

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Жайылма айылына эмкана курууга жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз   алтынчы   сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Жайылма айылындагы  “Айданек-Жайылма”  мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин  менчигинде турган жер аянтынын ичинен  0,10 га  жерге Жайылма айылынын элинин муктаждыгын канааттандыруу үчүн  эмкана курууга  жер аянтын чектеп   берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 

Төрага

А. Баатыркулов