Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 443, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары - Министрлик) шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча борбордук мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин түздөн-түз, ошондой эле ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт. Министрлик, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле ага баш ийген уюмдар бирдиктүү системаны түзөт.
4. Министрлик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын агент-банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
5. Министрликтин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
6. Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Курулуш министрлиги";
- расмий тилде: "Минстрой".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
8. Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү саясат, контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүгүндөгү укук улантуучусу болуп саналат.
9. Министрликтин борбордук аппаратын каржылоо республикалык бюджеттин, атайын эсептин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Министрликтин максаты
10. Министрликтин ишинин максаты шаар курууну, архитектура-курулуш ишин жана турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо-турмушуна жагымдуу чөйрөнү түзүү болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда көрсөтүү жана тейлеген чөйрөлөрдөгү эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
3) шаар куруу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
4) мамлекеттик техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарды иштеп чыгууну, курулушка жер участокторун тандоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү, долбоорлоону, архитектураны, шаар курууну, курулушту, курулуш материалдарын өндүрүүнү жана турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу;
5) республикалык бюджеттин, эл аралык долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен социалдык объекттерди куруу, калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш ишинде сертификаттоо системасын өнүктүрүү;
7) инвестициялык долбоорлордун алкагында тейлеген чөйрөлөрдө ченемдик талаптарды техникалык коштоо жана сакталышын контролдоо, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду колдоо;
8) тейлеген чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу жөнгө салуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу.