Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, социалдык-маданий багыттагы, билим берүү жана медициналык мекемелердин, инженердик инфраструктуранын жана турак жайдын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү бөлүгүңдөгү укуктук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти";
- расмий тилде: "Департамент жилищно-гражданского строительства при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Департаменттин курамына төмөнкү аймактык башкармалыктар кирет:
- Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы.
2-глава. Департаменттин ишинин максаттары
8. Департаменттин ишинин максаттары Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, инженердик инфраструктура, стратегиялык багыттагы объекттерди жана турак жайды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткаруу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, стратегиялык багыттагы, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жай курулуш объекттерин республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону уюштуруу, турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, курулушта заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү, Департаменттин компетенциясына кирген объекттердин инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүнү жана сапатын жогорулатууну камсыз кылуу саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында, Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялайт, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
2) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгат;
3) Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программаларынын аткарылышын координациялайт;
4) турак жай курулушун өнүктүрүү, турак жай рыногун түзүү жана турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн программаларга сунуштарды даярдайт;
5) курулуш жана инженердик инфраструктура жаатындагы эл аралык донордук жардам жана чет өлкөлүк инвестициялар маселелерин координациялайт;
6) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн архитектуралык жана курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарат;
8) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткарат;
9) белгиленген бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоонун чегинде капиталдык курулуш объекттеринин жана подряддык иштердин тизмесин даярдайт;
10) капиталдык салымдарды пайдалануу боюнча отчеттуулукту жүргүзөт;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды уюштурат жана өткөрөт;
12) долбоорлоо жана курулуш уюмдары, ошондой эле жабдууларды жана курулуш материалдарын берүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;
13) долбоорлоо жана подряддык уюмдарды зарыл уруксат берүүчү документтери жана типтүү, жеке жана кайра колдонулуучу долбоорлорду байлоо үчүн бардык маалыматтар менен камсыз кылат;
14) долбоорлоо уюмдары менен долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоонун жана берүүнүн графиктерин макулдашат, алардын аткарылышын контролдойт, инженердик тармактарды кошуу жана тиешелүү органдардан курулушка уруксат алуу маселелери боюнча пайдалануучу уюмдар менен өз ара аракеттенет;
15) долбоорлоо-сметалык документтерине, техникалык регламенттердин жана сейсмикалык ченемдердин талаптарына ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөттөрүнүн жана сапатынын сакталышын камсыз кылат;
16) зарыл болгон учурда долбоорлоо-сметалык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана аларды тиешелүү органдар менен макулдашат;
17) курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө жана башка иштердин түрлөрүн өндүрүүнү уюштурат жана башкарат, курулуш объекттерин пайдаланууга киргизүүгө даярдайт;
18) курулушу бүткөн объекттерди кабыл алууга жана аларды тиешелүү уюмдарга пайдаланууга берүүгө катышат;
19) капиталдык курулуш объекттерин техникалык жактан кайра жабдууну аткарат, аларды зарыл болгон жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылат;
20) подряддык уюмдар менен биргеликте курулушу, реконструкцияланышы жана капиталдык оңдоосу бүтпөгөн объекттерди консервациялоо боюнча иш-чараларды алардын сакталышы үчүн жүргүзөт;
21) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын карайт, аларды чечүү үчүн Департаменттин компетенциясынын чегинде чараларды көрөт, баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, арыз ээлерин кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдайт, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгат жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт;
22) курулуштун сапатын баалоо, курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге ылайык келишин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды аткаруу жана Департаменттин компетенциясынын чегинде консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартат;
23) өндүрүштөрдүн, объекттердин жана аткарылуучу иштердин коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын адистерин тартат;
24) Департаментин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолдоолорун жана ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
25) белгиленген тартипте капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана кайра профилдөө объекттерине барат;
26) курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндө лицензиянын жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу жөнүндө корутундуларды берет;
27) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгарат;
28) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.