САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII-шайланышынын кезекcиз чакырылышынын-X-сессиясы
2022-жылдын 22-январы № 4
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2026- жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын иш-чаралары жана 2022-жылга айыл өкмөтүнүн иш планынын 21.01.2022-жылда №3 токтомун бекитүү
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2026- жылга чейин өнүктүрүүнүн улкттук программасынын иш-чаралары боюнча Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 21.01.2022-жылдагы №3 токтому менен бекитилген иш - чарасын депутаттар талкуулашып Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VIII- шайланышынын кезекcиз Х -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын айл өкмөтүнүн 2022-2026- жылга чейин өнүктүрүүнүн улкттук программасынын жана Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 21.01. 2022-жылда 2022-жылга №3 токтому менен бекитилген иш-чаралары алымча кошумчасы менен кабыл алынсын.
(Иш чаралар тиркелет).
2. Сары-Булуң айылдык кеңешинин туруктуу тармактык комиссиялары, айыл өкмөтү кабыл алынган стратегиялык өнүгүү пландардын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом Кырыгыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жумабек уулу Сүйүндүкө тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |