Загрузка документа…
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары - Борбор), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, өз ишин курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин ырастоо, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын контролдоо жана сыноо, жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо, курулуш тармагынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, курулуш тармагынын ишканаларына маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу жаатында жүзөгө ашырат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун укуктук улантуучусу болуп саналат.
5. Борбордун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору";
- расмий тилде: "Республиканский центр сертификации в строительстве при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Курулушсертификатоо" РБ";
- расмий тилде: "РЦ "Стройсертификация".
2-глава. Борбордун максаттары
8. Борбордун ишинин максаттары имараттардын, курулмалардын, курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын, курулуш иштеринин жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтуу, жумушчуларды окутууну жана кайра даярдоону, адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле курулуш тармагынын ишканаларына маалыматтык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
3-глава. Борбордун милдеттери
9. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына, техникалык регламенттерге, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдердин шарттарына шайкештигин ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү;
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо;
3) курулуш тармагынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
4) маалыматтык колдоо көрсөтүү, юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү.
4-глава. Борбордун функциялары
10. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Борбор төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялайт, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
2) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышат;
3) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгат;
4) өзүнүн тармагында колдонулуучу ченемдик укуктук жана техникалык документтеринин (техникалык регламенттер, стандарттар, эрежелердин жыйнактары жана башка документтер) фондун түзөт;
5) курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкештигин баалоону аткарат;
6) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификациялоону ишке ашырат;
7) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификациялоону жана сыноону жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет;
8) сертификацияланууга тийиш болгон продукцияны сыноо үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;
9) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын контролдоону жана сыноону ишке ашырат, берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт, сыноо үчүн продукцияны тандоону жүргүзөт, ошондой эле сертификацияланган продукцияга инспекциялык контролду жүргүзөт жана өткөрүлгөн сыноолордун протоколдорун берет;
10) милдеттүү түрдө шайкештигин ырастоого тийиш болгон продукцияга шайкештик сертификаттарын берет, ошондой эле берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;
11) курулуш тармагынын адистерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жана окутууну ишке ашырат;
12) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын карайт, аларда баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, аларды чечүү үчүн Борбордун компетенциясынын алкагында чараларды көрөт, арыз ээлерин кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгат жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт;
13) курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге ылайык келишин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды аткаруу жана Борбордун компетенциясынын алкагында консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартат;
14) Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолдоолорун, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
15) Борбордун компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгарат;
16) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында башка функцияларды аткарат.