Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-апрели № 52/9-6
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Ч.К.Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Ч.К. Исаевдин арызынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-бересинин 2‑пунктусун, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Чынгыз Канатбекович Исаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.У. Сексенбаев |