Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 20-февралы №5

 

Базар-Коргон шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасын бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 74,-75,-76-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловдун 08.01.2025-жылкы чыгыш №01-2/1 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасынын жеке жактар жана юридикалык жактар үчүн 100 сомго бекитилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Ө.М. Мурзаевге жана Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловго жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

 

К.К. Анарбеков