Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 20-февралы №12

 

Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Т.Исаевдин, Базар-Коргон шаарынын “Замандаш” саясий партиясынын депутаттарынын, Базар-Коргон шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы М.Кадировдун сунуштарынын жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V–сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги Абдрахманова Батмакан Артыкматовнага, Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи төрагасы Садыков Замирбек Шакировичге жана көп жылдар бою Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн орун басары болуп иштеп кеткен Тешебаев Мухаммадюнус Маматкаримовичге Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын, жана тапшыруу аземи даталуу күндө берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

 

К.К. Анарбеков