Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 20-февралы №13

 

Базар-Коргон шаарындагы №18 Периште балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, 21.01.2025-жылдагы №01-17/138 сандуу Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы токтом кылат:

 

1.     Базар-Коргон шаарындагы №18 Периште балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.     Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.

3.     Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Мирзабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

 

К.К. Анарбеков