Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйынынын

2025-жылдын 24-январы № 3/1                                

Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин пайдаланылбай калган калдык каражатынын эсебинен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан айыл өкмөтүнө лизингдик жол менен погрузчик сатып алууга, 2024-жылы түзүлүп калган келишимдин негизинде Ылай-Талаа айылынын жаңы конуштагы көчөсүнө электр мамычаларын койдуруп зымдарын тарттырууга жана долбоордун өздүк салымы катары Токбай-Талаа айылынын таза суусуна ПСД жасатууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 27-“Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу жөнүндөгү” беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин” VI бөлүмүнүн 9-главасынын 47-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2024-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган суммасы тууралуу  айыл  өкмөтүнүн ФЭБ  башчысы  А.Козуевдин маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясынын жыйналышынын  берген  сунушун  угуп  жана  талкуулап Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2024-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган 3 490 600 (үч миллион төрт жүз токсон миң алты жүз ) сом акча каражатын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан айыл өкмөтүнө лизингдик жол менен погрузчик сатып алуу, 2024-жылы түзүлүп калган келишимдин негизинде Ылай-Талаа айылынын жаңы конуштагы көчөсүнө электр мамычаларын койдуруп зымдарын тарттыруу жана долбоордун өздүк салымы катары Токбай-Талаа айылынын таза суусуна ПСД жасатуу үчүнчыгымдоого макулдук берилсин.

2. Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык    Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Мойдунов