Загрузка документа…
7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, шаар куруу жана архитектура жаатында өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти";
- расмий тилде: "Департамент градостроительства и архитектуры при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Департаменттин курамына төмөнкүлөр кирет:
- түзүмдүк бөлүм - Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту;
- юридикалык жактын статусуна ээ болгон аймактык башкармалыктар.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу жана архитектура жаатында бирдиктүү саясатты ишке ашыруу, шаар куруу ишин өнүктүрүү, жер жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү, инфраструктураны, турак жай жана коомдук зоналарды пландоо, долбоорлоонун жана курулуштун сапатын жогорулатуу, инновациялык жана энергиялык натыйжалуу технологияларды киргизүү, ошондой эле маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана заманбап шаардык чөйрөгө интеграциялоо аркылуу жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында шаар курууну өнүктүрүүнү, көрктөндүрүүнү жана жайлаштыруу камсыз кылуу;
2) архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, деталдуу пландоонун долбоорлорун, курулуштардын долбоорлорун жана шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарын өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу;
3) архитектураны, шаар курууну жана курорттук-рекреациялык зоналарды келечектүү өнүктүрүү жаатында топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
4) шаарлар, айылдык калктуу конуштар, курорттук-рекреациялык зоналар, комплекстер, ар кандай багыттагы имараттар жана курулмалар үчүн, анын ичинде курорттук дарылоо жайлары, туризм жана эс алуу объекттери, жаңы курулуш, реконструкциялоо, реставрациялоо, ошондой эле турак жай-жарандык, социалдык-маданий, өнөр жай жана айыл чарба багытындагы объекттер үчүн башкы пландардын долбоорлорун жана долбоорлоо-пландоо документтерин иштеп чыгуу;
5) уруксат документтерин иштеп чыгуу, макулдашуу жана берүү, жер участокторунун чектерин аныктоо боюнча иштерди аткаруу, ошондой эле аларды берүү боюнча корутундуларды даярдоо.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) негизги функциялары:
- Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгуу;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгаруу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын иш-чараларынын жылдык пландарын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;
- аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана Департаменттин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка документтерди даярдоо, анын ичинде учурдагы кырдаалды, өнүктүрүү болжолдоолорун талдоо, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- курулуш тармагынын адистерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- курулуш тармагынын адистери үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана тренингдерди өткөрүү;
2) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
- шаар куруу-архитектура иши жаатындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу;
- шаар куруу, архитектура, курулуш чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана шаар куруу-архитектура иши жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- белгиленген тартипте архитектуралык-шаар куруу жана архитектуралык-техникалык кеңештерди, кеңешмелерди, конференцияларды, долбоорлорду жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү;
- сапаттуу комплекстүү курулуштун жана аймакты көрктөндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектүү милдеттерин чечүүгө багытталган шаар куруу-архитектуралык иш-чараларды ишке ашыруу;
- шаар куруу документтеринин ишке ашырылышын, сапаттуу комплекстүү курулушту, турак жай райондорун жана инженердик инфраструктураны көрктөндүрүүнү контролдоону камсыз кылуу;
- административдик даттануулар жана көзөмөл органдарынын сунуштамалары боюнча белгиленген тартипте чечимдерди кароо жана чыгаруу;
- шаар куруу чечимдеринин социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
- кичи райондорду, турак жай комплекстерин, шаар куруу зоналарын, айрым имараттарды, курулмаларды жана ландшафттык объекттерди тажрыйба-көрсөтмө жана эксперименталдык курууну уюштурууга катышуу;
- уруксат документтерин иштеп чыгуу жана берүү, ошондой эле жоопкерчиликтин биринчи деңгээлиндеги курулуш объекттерине долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана макулдашуу;
3) координациялоо функциялары:
- шаар куруу-архитектура ишин координациялоо;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
4) Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун функциялары:
- мамлекеттик квалификациялык сертификаттар болгон учурда шаар куруу-архитектура иши жаатында долбоорлоо, изилдөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди уюштуруу;
- Департамент тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтер боюнча ишке ашырылуучу курулушка жана курууга автордук көзөмөл;
- шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле шаар куруу-архитектура кадастрын түзүү, жүргүзүү жана контролдоо, анын ичинен курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү;
- шаарларды, калктуу конуштарды жана курорттук-рекреациялык зоналарды реконструкциялоонун теориялык аспекттерин иштеп чыгуу;
- башкы пландардын долбоорлорун, калктуу конуштарды деталдуу пландоонун долбоорлорун, курулуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- комплекстердин, айрым имараттардын жана курулмалардын, турак үйлөрдүн жана башка ар кандай багыттагы объекттердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- эксперименталдык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- топографиялык сүрөткө тартууларды аткаруу жана жер-жерлерде координат чекиттерин жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктарын белгилөө;
- шаар куруу документтерин макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан долбоорлоо уюмдарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишин координациялоо;
- мамлекеттик эмес лицензияланган долбоорлоо уюмдары тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтерин, анын ичинде калктуу конуштардын башкы пландарын, деталдуу пландоолордун долбоорлорун жана курулуштардын долбоорлорун рецензиялоо;
- курулуштук долбоорлоо аркылуу архитектура жана шаар куруу, райондук пландоо жана инженердик курулуш жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- шаар куруу иши жана инженердик изилдөөлөр жаатындагы лицензиянын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө корутундуларды берүү;
5) аймактык башкармалыктардын функциялары:
- шаар куруу кадастрын, нөөмөттүк планды жана жерлерди пайдаланууга мониторинг жүргүзүү, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу, жер участокторун трансформациялоого жана максаттуу багытын өзгөртүүгө шаар куруу корутундуларын берүү;
- кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башкача өзгөртүүгө шаар куруу корутундуларын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- жер участокторуна укуктарды берүүгө жана чектерин аныктоого шаар куруу корутундуларын, анын ичинде техникалык сунуштамаларды жана кыймылсыз мүлк объекттеринин функционалдык багытын өзгөртүү, жеңилдетилген типтеги объекттерди уюштуруу жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды даярдоо;
- кыймылсыз мүлк объекттерин реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана кайра пландоого (көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен же өзгөртүүсүз) шаар куруу корутундуларын берүү;
- аткаруу жана топографиялык сүрөткө тартууларды аткаруу, имараттардын, курулмалардын, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун жана чектерин, ошондой эле шаар курууну жөнгө салуу сызыктарын жер-жерлерде белгилөө (натурага чыгаруу);
- белгиленген тартипте архитектуралык-шаар куруу жана архитектуралык-техникалык кеңештерди, кеңешмелерди уюштуруу жана өткөрүү;
- долбоорлоо институту жана башка лицензиялоо субъекттери тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтерин райондук пландоо долбоорлоруна жана схемаларына, мурда иштелип чыккан шаар куруу документтерине ылайык келүүсүнө карата макулдашуу;
- көчө-жол тармагынын, шаардык аймактарды көрктөндүрүүнүн жана жашылдандыруунун, чакан архитектуралык формаларды жайгаштыруунун долбоордук документтерин, түстүк чечимдин, фасаддарды архитектуралык-көркөмдүк тариздөөнүн, дизайнерлик иштердин жана тышкы жарнамалык-маалыматтык иштин долбоорлорун жоопкерчилик деңгээлине ылайык иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү;
- долбоордук документтерди макулдашуу;
- лицензияга туура келген жоопкерчиликтин уруксат берилген деңгээлинин чегинде объекттердин долбоордук документтерин иштеп чыгуу жана чыгаруу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын иш-чараларынын жылдык пландарын даярдоо жана аткарууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.