Загрузка документа…
8-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо жаатында иш жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
2-глава. Департаменттин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты болуп көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен кыймылсыз мүлк объекттерин курууга, реконструкциялоого, профилин өзгөртүүгө жана кайра пландоого долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин сапатын жана ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылуу, ошондой эле сметалык документтердин колдонуудагы сметалык-ченемдик базага колдонулган баалардын жана коэффициенттердин ылайык келишин текшерүү саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен курулуш объекттерин долбоорлоо жаатындагы техникалык саясатты ишке ашыруу, долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик-техникалык документтерге ылайыктуулугуна экспертиза жүргүзүү саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине ылайыктуулугун экспертизалоо;
2) курулуш конструкциялары жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерди эсепке алуу жана кабыл алуу, инженердик тармактар жана коммуникациялар менен камсыз кылуу;
3) курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугун эске алуу менен сейсмикалык таасирге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана элементтерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүү;
4) бекемдигин, көтөрүмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоордук чечимдерде ченемдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;
5) долбоордук иштер чөйрөсүндө лицензиянын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
6) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү;
7) Департаменттин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштамаларды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды, өнүгүү божомолун талдоону, ошондой эле ченемдик укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
8) долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу;
9) заманбап технологияларды жана долбоорлоо методдорун өздөштүрүүгө көмөктөшүү;
10) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактыларды текшерүү, арыз ээлерине кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгуу жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү;
11) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгуу;
12) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн архитектуралык жана курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкка катышуу;
13) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, аларга берилген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ишти жакшыртуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен материалдарды лицензиялоо жана сертификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.