Редакцияот 12.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы

 

2022-жылдын 12-сентябрындагы № 95

 

Айыл тургундарынын арыздарын кароо

Айыл тургундарынын айылдын күн чыгыш тарабына спорт зал салуу боюнча арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Айыл тургундарынын айылдын күн чыгыш тарабына спорт зал салуу боюнча арызыспорт зал салууга тамеки сарайдын алдындагы бош жаткан жерди трансформациядан өткөрүлгөндөн кийин уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров