Редакцияот 12.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы

 

2022-жылдын 12-сентябрындагы № 94

 

Арал айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын 6 ай ичинде аткарган иштери жана 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын 6 ай ичинде аткарган иштери “канааттандыраралык“ деп табылсын.

2. Жергиликтүү бюджетин 6 ай ичинде аткарылышы “канааттандыраралык“ деп табылсын.

3. Муниципалдык менчикке каттала элек айыл чарба техникаларын жана бош жаткан жерлер тез аранын ичинде каттоого алынсын.

4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров