Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
10-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, өз ишин архитектуралык-шаар куруу иши, ошондой эле ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу чөйрөсүндө баа түзүү жана сметалык ченемдөө жаатында жүзөгө ашырат. 2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат. 3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу. 4. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун укук улантуучусу болуп саналат. 5. Борбордун толук расмий аталышы: - мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору"; - расмий тилде: "Республиканский центр ценообразования и сметного нормирования при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики". 6. Борбордун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28. 2-глава. Борбордун максаты 7. Борбордун ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында баа түзүү жана сметалык ченемдөө системасын натыйжалуу түзүүнү жана жөнгө салууну камсыз кылуу, курулуш чыгымдарынын ачыктыгын жана негиздүүлүгүн жогорулатуу үчүн методологиялык негиздерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу саналат. 3-глава. Борбордун милдеттери 8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) курулуш тармагында баа түзүү системасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү; 2) курулуш иштеринин жана материалдардын наркын эсептөө үчүн актуалдуу методикаларды иштеп чыгуу; 3) баа түзүү методдорун эл аралык стандарттарга ылайык адаптациялоо; 4) курулуштун наркын эсептөөнүн тууралыгын камсыздоочу жаңы сметалык ченемдерди иштеп чыгуу; 5) дайыма мониторинг жүргүзүү жана сметалык ченемдерди кайра карап чыгуу системасын киргизүү; 6) чыгымдардын ачыктыгын жогорулатуу үчүн методологиялык сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү; 7) курулуштун бардык этаптарында сметалык эсептөөлөр боюнча маалыматтардын консолидациясын камсыз кылуу; 8) долбоорлоо жана куруу процессин жөнгө салуучу ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу; 9) курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу үчүн актуалдуу стандарттарды киргизүү. 4-глава. Борбордун функциялары 9. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Борбор төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: 1) курулуш иштеринин жана материалдардын наркын эсептөө методикасын иштеп чыгуу; 2) курулуш кызмат көрсөтүүлөрү жана материалдар рыногундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен баа индекстерин актуалдаштыруу; 3) курулуштун бардык этаптары үчүн сметалык ченемдерди жана эсептик көрсөткүчтөрдү даярдоо жана киргизүү; 4) технологиядагы өзгөрүүлөрдү жана ресурстардын наркын эске алуу менен сметалык ченемдерге мониторинг жүргүзүү жана кайра кароо; 5) сметалык ченемдерди иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу; 6) курулуш чыгымдары боюнча маалыматтарды эсепке алуу, талдоо жана башкаруу үчүн санариптик платформаларды түзүү жана колдоо; 7) эсептөөлөрдү автоматташтыруу жана сметалык документтерди талдоо үчүн программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; 8) курулган объекттерге чыгымдарды, аткарылган иштердин түрлөрүн, курулуш үчүн жеткирүүлөрдүн баштапкы шарттарын, ошондой эле курулуш уюмдарынын техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн талдоо; 9) эсептөөлөрдө жана ченемдик документтерде колдонуу үчүн актуалдуу баалардын маалымат базасын түзүү; 10) курулуш ресурстарына (иштерге жана материалдарга), жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук баалар жөнүндө маалыматтарды чогултуу; 11) баалардын динамикасын талдоо жана Министрликке берүү үчүн отчетторду даярдоо; 12) баалардын адистештирилген жыйнактарын иштеп чыгуу, аларды талдоо жана ченемдик талаптарды эске алуу менен макулдашуу, ошондой эле Министрликке бекитүүгө киргизүү; 13) ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу; 14) объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо процессин жөнгө салуучу стандарттарды жана регламенттерди түзүү; 15) заманбап курулуш технологияларын колдонуу боюнча техникалык нускамаларды жана сунуштарды даярдоо; 16) баа түзүү системасын түзүү жана жөнгө салуу; 17) курулуш иштеринин жана материалдардын наркы боюнча маалыматтарды талдоо жана жарыялоо; 18) курулуш долбоорлорун ишке ашыруунун бардык этаптарында чыгымдарды контролдоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү; 19) курулуш чыгымдарынын ачыктыгын камсыз кылуу; 20) сметалык ченемдөө жана баа түзүү жаатында адистерди акы төлөнүүчү негизде окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу; 21) сметалык ченемдөө жана баа түзүү боюнча семинарларды, тренингдерди жана вебинарларды акы төлөнүүчү негизде өткөрүү; 22) окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу; 23) республиканын курулуш жана инженердик жогорку окуу жайларында окуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделдерин өркүндөтүү; 24) Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштамаларды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолун, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо; 25) сметалык ченемдөө жана ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу жаатында эл аралык кызматташтыкка катышуу; 26) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, алар берген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу; 27) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактыларды текшерүү, арыз ээлерине кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгуу жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү; 28) Борборго жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын адистерин тартуу; 29) Борборго жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн квалификациялуу, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу; 30) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгуу; 31) Борбордун компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү; 32) сметалык документтерге акы төлөө негизинде экспертиза жүргүзүү; 33) эсептөөлөрдүн белгиленген ченемдерге жана методикалык сунуштарга ылайык келишин камсыз кылуу; 34) баа түзүү методикасын жана сметалык ченемдөөнү колдонуу маселелери боюнча уюмга акы төлөнүүчү негизде консультация берүү; 35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу. 10. Борбор оз ишин Министрлик, статистика органдары, ведомстводон тышкары мамлекеттик экспертиза уюмдары, курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүчүлөр (жеткирүүчүлөр), ортомчулар жана жеткирүүчүлөр, ошондой эле региондордо баа түзүүчү факторлорго таасир этүүчү башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте жүргүзөт. |