Редакцияот 12.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы

 

2022-жылдын 12-сентябрындагы № 93

 

Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуштаманы аткарууга алуу жөнүндө

Талас районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Арстанбековдун катышуусунда Талас райондук прокуратурасынын 15.08.2022-ж. № 11/2-22 сандуу сунуштамасын карап, депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат :

 

1. Айылдык Кеңештин депутаттары С.Джуматаевага жана С.Сейдакматовага салык декларациясын убагында тапшырбагандыгы, ченемдик укуктук актылардын бузулушуна жол бергендиги үчүн “оозеки” эскертүү берилсин.

2. Токтомдун бир нускасы Талас райондук прокуратурасына жиберилсин.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров