Загрузка документа…
КЫДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
07.04.2025 ж №47
Кереге-Таш айылында жайгашкан жеке менчикке таандык 1 (бир) объектини
айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Корчиев Алтынбек Дуйшомбиевичтин жеке менчигине таандык болгон 1 (бир) объектини Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине таянып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Төмөндөгү жеке менчикке таандык болгон 1 (бир) объектини айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин:
- Кереге-Таш айылынын Керим көчөсүнүн №22 дарегинде жайгашкан жер тилкеси индентификациялык коду 2-01-16-1001-0304, аянты 899,0 чарчы метр;
2. Айыл өкмөтү менен жеке жактын ортосунда өткөрүп берүү/кабыл алуу келишими түзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынан 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлсүн.
4. Жогоруда аталган 1 (бир) объект муниципалдык мүлк катары кабыл алынып, мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилсин.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов