Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10.04.2025-ж.31/9-1
Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүнүн №4/4 жана Ч.Айтматов №10Б аллеясында жайгашкан жер тилкесин жана мүлкүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 10-апрелиндеги №01-8/786 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, 2025-жылдын 10-апрелиндеги «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүнүн №4/4 идентификациялык (2-03-05-0020-5402) коду жана Ч.Айтматов №10Баллеясында жайгашкан жер тилкесинин идентификациялык (2-03-05-0008-5172) коду жана баардык мүлк комплексин шаардын тургуну К.Кызайбековдун макулдугунун негизинде, Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровго:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү берилген иш кагаздардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүнүн №4/4 ,Ч.Айтматов №10Баллеясында жайгашкан мүлкүнүн балансттык баасы, өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана маалымат кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.
- Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов №10Баллеясында жайгашкан жер тилкесинин курулушун эксплуатациялоого киргизүү үчүн
иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага Э.Молдобеков
жиберилди: иш кагаз-1, облустук юстиция башкармалыгына-2,Мэрия-1, ММБ-1.