Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

3

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

                                                ТОКТОМ

23.04.2025-ж №31/10-1

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын  XXXIчакырылышынын кезексиз X сессиясы

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы «Суу-Канал» муниципалдык ишканасынын  таза суу жана саркынды суунун тарифин бекитүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамы, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы «Суу-Канал» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 14-мартындагы №01-13/31 жана 14-апрелиндеги №01-13/51 иш кагазынын сунушун “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо боюнча”  туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-апрелиндеги отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

                                              Токтом кылат:

  1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин  2016-жылдын  4-мартындагы №28/27-6 Токтому, 2022-жылдын 15-июнундагы № 30/11-11 Токтому, 2022-жылдын 28-декабрындагы №30/21-12 жана Бостери айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №01 Токтомдору жокко чыгарылсын.
  2. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №31/8-1 Токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  3. Чолпон-Ата, Бактуу-Долоноту, Бостери  айылдарына  таза суу жана саркынды сууга  болгон тарифи бекитилсин  №1,№2 Тиркемелерге ылайык.
  4. Таза сууга жана саркынды сууну кабыл алуу сиситемасына кошулуу үчүн тарифтери бекитилсин. №3Тиркемеге ылайык.
  5. Таза суу, саркынды суунун тарифин жана кошулууга 2025-жылдын  1-майдан баштап төлөмдөр жүргүзүлүп ишке киргизилсин.
  6. Чолпон-Ата, Бактуу-Долоноту, Бостери шаарында жайгашкан коммерциялык мекеме, эс алуу жайлар, салондор жана башка ишканаларга суу өлчөөчү счетчиктер коюлсун.
  7. Чолпон-Ата, Бактуу-Долоноту, Бостери жергиликтүү калкка суу түтүктөрүнө счетчиктер убактылуу коюлбасын.
  8. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин  “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча”туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

       Төрага                                                                          Э.Молдобеков____

жиберилди: иш-кагазга-1, , облустук юстиция башкармалыгына-2, мэрияга-1, “Суу-Канал муниципалдык ишканасына-1, ”.