Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23.04.2025-ж. №31/10-3
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXIчакырылышынын кезексиз X сессиясы
Жайыт жөнүндө
Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 28-мартындагы №01.1/13/690 иш кагазынын сунушун жана жүз башыларынын, мал багуучулардын жана жарандардын 2025-жылдын 27-мартындагы жана 9-апрелиндеги №1 протоколдук чечимин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-апрелиндеги отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
-бодо малга бир айга – 700 сом
-кой-эчкиге бир айга - 150 сом
3. Мал кайтаруучулар милдеттүү түрдө:
-10-апрелден 20-июнга чейин ортоңку жайытка чыгышсын;
-20-июндан 1-сентябрга чейин чоң жайытка чыгышсын;
-1-сентябрдан 1-октябрга чейин ортоңку жайытка чыгышсын.
4. Сугат сууга болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй бекитилсин.
-короо алдындагы жерге-100 сом;
- айдоо жер 1га-400 сом.
5. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Саратовго:
-1-октябрдан баштап жол жээгине мал-жандыктарын кароосуз калтырган жарандарга мыйзам чегинде айып пулдарды салуу боюнча иштерди алып баруу тапшырылсын.
-Жайыт жерлерин тактоо жана инфраструктурасын пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков____
жиберилди: иш-кагазга-1, мэрияга-2, облустук юстиция башкармалыгына-2.