Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23.04.2025-ж. №31/10-4
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXIчакырылышынын кезексиз X сессиясы
Чолпон-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан 1,38 га сугат айдоо жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына ылайык, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги №01-13/2076 иш кагазынын сунушун «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-апрелиндеги отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан 1,38 га сугат айдоо жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровго:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү берилген иш кагаздардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков____
жиберилди: иш-кагазга-1, мэрияга-2, облустук юстиция башкармалыгына-2.