Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-апрели № 3/2
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-февралындагы
№7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин 2014-жылдын 28-февралындагы №7 токтомунда көрсөтүлгөн жарандын атын ыйгаруу четке кагылгандыгына байланыштуу, ушул токтом жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |