Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(КР 2026-жылдын 20-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 10340103,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10340103,6 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР 2026-жылдын 20-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
ММК фондунун 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
ММК фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
ММК фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене.
ММК фондунун 2026-2027-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2025-жылга - 1172895,7 миң сом;
2) 2026-жылга план - 1028935,2 миң сом;
3) 2027-жылга план - 1028935,2 миң сом.
ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2025-жылга - 6304235,0 миң сом;
2) 2026-жылга план - 5762114,8 миң сом;
3) 2027-жылга план - 6137190,1 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
7-берене.
1. ММК фондунун бюджетинин 2025-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 581834,5 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип чыккан учурда ММК фондунун чыгашалар боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана (же) тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон, бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.
9-берене.
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен ММК фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
11-берене.
Сот органдарынын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
12-берене.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептер үчүн колдонулуучу базалык ченемдер 2025-жылга 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13-берене.
1. Келишимдик негиздеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашырууга жоопкерчилик тартат.
4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
6. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына жылдын башына карата атайын эсептерде топтолуучу каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
14-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.