Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-апрели № 3/5
Кара-Суу муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетин, 01.01.2025-жылга калган калдык акча каражатын, кызмат көрсөтүү тарифтерин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу пландарын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетин, 01.01.2025-жылга калган калдык акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү сом менен, кызмат көрсөтүү тарифтери, жайыттарды башкаруу, пайдалануу боюнча 2025-2029-жылдарга 5-жылдык планы жана 2025-жылга 1-жылдык планы 1-2-3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |