Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №543, 2025-жылдын 9-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин тартибин жана уюштуруусун жөнгө салат. Комиссия технологиялык парктардын (мындан ары - технопарктар) натыйжалуу иштешин, өнүгүүсүн жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында түзүлгөн орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдарынын технопарктардын иштөө маселелери боюнча макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу;
2) технопарктарды Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
3) жыл сайын Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин отчетун угуу;
4) төмөнкүлөргө катышуу:
- технопарктардын иштешин жана өнүгүүсүн ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого;
- жүктөлгөн милдеттерге ылайык Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө;
5) төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:
- технопарктарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле технопарктардын компания-резиденттеринин жана технопарктардын инвесторлору болгон уюмдардын ишине жагымдуу шарттарды түзүү;
- каржылоонун тыюу салынбаган булактарынын эсебинен технопарктарды түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү;
- технопарктарды башкаруу системасын түзүү;
- технопарктардын аймагында чакан жана орто ишкердиктерди өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;