Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-апрели № 3/8
Ирригация системаларды, курулмаларды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы муниципиалдык менчик катары пайдаланылып келген ирригациялык системаларды жана курулмаларды муниципиалдык менчик катары пайдалануудан баш тартылсын.
2. 2023-жылдын 22-сентябрындагы №1/5 токтому күчүн жоготту деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына ирригациялык системаларды, курулмаларды өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевгемилдеттендирилсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |